М.Аспековдун жаңы алдамчылык иштери тууралуу кайрылуу түштү

УКМК: Жабырлануучунун кайрылуусунун негизинде М.Аспековдго карата алдамчылык фактысы боюнча сотко чейинки иш козголду

УКМК дарегине М.Аспековдун алдамчылык аракеттерине байланыштуу алдамчылык жол менен жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, тууганын түрмөдөн чыгаруу жагын чечип берем деген шылтоо менен 15 миң АКШ доллар акча каражатын алгандыгы боюнча "Б.Л." аттуу жарандан кайрылуу келип түшкөн.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө арызданган "Б.Л." аттуу жарандын кызынан, күйөөсүн түрмөдөн чыгарып берүү маселесин чечүү үчүн М.Аспеков жубайы "М.Н" батирди каттаганы туралуу даттануу келип түшкөн.

Ушунун Негизинде, КР Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) кылмыш белгилери боюнча М.Аспековго карата сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Бишкек шаардык Биринчи-Май райондук сотунун чечими менен А.Аспеков КР Адилет министрилигинин алдындагы Мамлекеттик жазаны аткаруу кызматы №21-мекемесине кармоо түрүндө баш коргоо чарасы каралган.

Азыркы учурда, тергөөнүн алкагында М.Аспековдун дагы башка ушул сыяктуу алдамчылык фактыларына катыштыгы бар экендиги текшерилүүдө.

Кыргыз Республикасынын УКМК М.Аспековдун мыйзамсыз аракеттеринен жабыркаган бардык жабырлануучулардан Жибек-Жолу проспектиси 322 дарегиндеги коомдук кабылдамага же КР УКМКнын Нөөмөт кызматынын 0312 660475 телефонуна кайрылууну суранат.

Анонимдүүлүккө кепилдик берилет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД