Беларус журналисти Лукашенкого акарат келтиргени үчүн 18 айга соттолду

Беларус журналисти Сергей Гордиевич өлкөнүн авторитардык лидери Александр Лукашенкого акарат келтиргени жана милициянын эки кызматкерине жалаа жапканы үчүн 18 айга соттолду.

Байкоочулардын пикиринде, 50 жаштагы журналистке карата чыккан өкүмдү Беларус бийлигинин көз карандысыз ЖМКларга, адам укугун коргоочулар менен активисттерге жасаган репрессивдүү аракетинин бир эпизоду катары кароого болот.

Беларус журналисттер ассоциациясы сот Гордиевичти соттоп гана койбой, ага 1600 доллар өлчөмүндө айып пул да салганын кабарлады.

Журналист айыптоолорду четке какты.

"Вясна" укук коргоо борборунун кабарлашынча, июль айында беларус полициясы активисттер менен журналисттердин батирлеринде, кеңселеринде 200дөн ашуун түнтүү жүргүзгөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД