Күмүш медаль уткан Акжол Махмудов финалдан кийин эмоциялары менен бөлүштү

Токиодогу олимп оюнунда күмүш медаль уткан балбан Акжол Махмудов финалдан кийин эмоциялары менен бөлүштү.

Ал сүйүнөрүн же капаланарын билбей турганын айтып, элге колдоосу үчүн ыраазычылык билдирген.

"Алтын медалга бир кадам жетпей калдым. Бирок кандай болсо дагы Кудайга чексиз шүгүр. Бул жеңиш үчүн көп даярдыктан өткөнбүз. Финалдан утулуп калып, азыркы сезимдеримди өзүм дагы түшүнбөй турам. Сүйүнөйүн десем дагы сүйүнө албай. Кайгырайын десем, ага деле себеп жок. Эң эле өкүнүчтүүсү ушунча күйөрмандарды, кыргыз элин чогултуп, жакшы күрөш, жакшы эмоция тартуулай албай койдум деп ойлойм. Канчалаган эл эшикте, кээ бирлери сыналгыдан көрүптүр. Силердин ишеничиңерди актай алган жокмун. Бирок Айсулуу эже менен Мээрим күрөшүп утканына абдан кубандым. Анткени элдин бир аз болсо дагы көңүлү көтөрүлдү. Мен утулуп калсам дагы алар элдин маанайын көтөрдү.

Жеңишке жалгыз жеттим десем өтө жаңылган болом. Бул жеңиш бүт кыргыз элимдики", - деген балбан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД