Баткен облусунун Лейлек районунда сел жүрүп, турак үйлөрдү каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, сел кечээ, 3-августта саат 17:40 чамасында жүрүп, Лейлек айыл аймагынын Ак-Терек айылында 11 турак үйдү, 8 турак үйдүн короолорун сел каптаган. Ошондой эле Ак-Суу айыл аймагынын Ак-Суу айылында 2 турак үйдүн короосун, Катраң айылынын Таңгиоозу тилкесинде 4 турак үйдүн короосун, Калтарык тилкесинде 4 турак үйдүн короосун каптаган.
Мындан сырткары, Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 318-320-чакырымдарын, Катраң айыл аймагынын Өзгөрүш айылында Катраң-Өзгөрүш ички чарбалык жолунун айрым жерлерин сел каптаган.
Жерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери, атайын техника тартылып, селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат.