Садыр Жапаров эртең Түркмөнстанга барат

Президент Садыр Жапаров 5-6-августта Түркмөнстанда өтө турган Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусуна катышат. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Жапаров Эрдоганга адам өмүрүн алган өрт кырсыгына байланыштуу көңүл айтты

Жолугушууда Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери соода-экономика, энергетика, транспорт-коммуникация чөйрөлөрүндөгү региондук кызматташтык маселелерин, ошондой эле коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүдө биргелешкен чараларды талкуулашат.

Анын жыйынтыгында Борбор Азия мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсү кабыл алынары пландалууда.

Ошондой эле Жапаровдун эки тараптуу жолугушууларды өткөрөрү айтылды. Мындан тышкары, кыргыз делегациясы мүчө-мамлекеттердин экономикалык форумуна, региондогу өлкөлөрдүн лидер аялдарынын форумуна, ошондой эле Борбордук Азиянын улуттук өндүрүштөгү товарларынын жана улуттук тамактарынын көргөзмөсүнө катышат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД