Садык Шер-Ниязга Казакстандын "Достык" ордени ыйгарылды

Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаевдин буйругу менен Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, коомдук ишмер, Садык Шер-Ниязга Казакстандын мамлекеттик экинчи даражадагы "Достык" ордени ыйгарылды. Сыйлыкты тапшыруу аземи 25-майда Бишкектеги Кино үйүндө өтөт.

Казакстандагы бул мамлекеттик сыйлык 1995-жылы негизделген жана улуттар арасындагы достукту, тынчтыкты, ынтымакты бекемдөөгө салым кошкондорго ыйгарылат.

Буга чейин мындай орденди Пласидо Доминго, Алишер Усманов, Айтурган Темирова, Иосиф Кобзон баштаган коомдук, маданий ишмерлер алган.

Касым-Жомарт Токаев Садык Шер-Нияз тарткан "Курманжан датка" тасмасына жылуу пикирин айтып келгени белгилүү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД