Токио Олимпиадасы: Медалдар боюнча Кыргызстан 64-орунга чыкты

Балбан Акжол Махмудовдун (77 кг) күмүш медалы, Мээрим Жуманазарова (68 кг) коло медалы Кыргызстанды Олимпиада оюндарында байге алган мамлекеттердин катарына кошуп, өлкөбүз тизмеде 64-орунду ээлөөдө.

Борбор Азия мамлекеттери арасында Олимпиада оюндарында Өзбекстан 2 алтын, 1 коло (28-орун), Казакстан 3 коло алды (75-орун).

Тажикстандын спортчулары Олимпиада оюндарында байге ала алган жок.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД