Баткен шаарында милициянын көчмө кабылдамасы элдер менен жолугууда - сүрөт

Баткен шаарында милициянын көчмө кабылдамасы элдер менен жолугууда. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен шаарынын Кызыл-Жол, Төрт-Гүл, Чет-Булак участкаларындагы жергиликтүү тургундар менен милиция кызматкерлери өзүн өз башкаруу органдарынын, саламаттык сактоо кызматынын кызматкерлери менен биргеликте эл аралап кылмыштуулукту болтурбоо, сууга чөгүүнүн, үй-бүлөлүк зордук зомбулуктун алдын алуу максатында түшүндүрүү иштерин түзүлгөн графиктин негизинде жүргүзүүдө.

Мындан сырткары азыркы COVID-19 илдетинин алдын алуу, вакцинация боюнча дарыгерлер элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Баткен шаар аймагында жыл башынан бери 12 зордук-зомбулук катталып, коргоо ордерлери өз убагында толтурулган, кайталанган зордук-зомбулук болгон эмес. Ал эми акыркы бир ай аралыгында милициянын көчмө кабылдамасына социалдык мааниде 13 кайрылуу түшкөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД