Бүгүн, 4-августта "Түндүк электр" ачык акционердик коомунун электр энергиясын эсептөө жана көзөмөлдөө маалыматтык-ченөөчү автоматташтырылган системасы дебитордук карызы үчүн 3,1 миңден ашык абоненттин жарыгын өчүрөт.
Аталган кабарга таянсак, турмуш-тиричиликке тейленүүчү абоненттердин дебиторлук карызынын көлөмү 5,2 млн сомдон ашып кеткен.
Абоненттер электр энергиясына карата карызды төлөм терминалдары же болбосо "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын филиалдары аркылуу төлөсө болот.