Олимпиада: Балбан Айаал Лазаревдин биринчи атаандашы белгилүү болду

Эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбан Айаал Лазаревдин (125 кг) Олимпиада оюндарындагы биринчи атаандашы белгилүү болду.

Лазарев килем үстүнө эртең, 5-августта чыгат. Биринчи беттешинде ал америкалык балбан Дэн Гейбл Стивсон менен күрөшөт. Беттештер саат 08:00дө башталат.

Ошондой эле 6-августта эркин күрөш боюнча дагы бир балбан Эрназар Акматалиев (65 кг) килем үстүнө чыгат. Ал ким менен күрөшө турганы эртең, 5-августта белгилүү болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД