Токио-2020: Атабек Азизбеков мелдештерин жыйынтыктады

Токиодо өтүп жаткан Олимп оюндарында грек-рим күрөшүнөн 87 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан Атабек Азизбеков 4-августта жооткотуучу беттеште германиялык Денис Максимилян Кудлага жеңилип, мелдештерин жыйынтыктады. Аталган таймашта жеңишке жетсе Азизбековго коло байге үчүн күрөшүүгө жол ачылмак.

Атабек Азизбеков 3-августта алгачкы беттешинде венгриялык Виктор Лоринцке жеңилип (1:6) калган. Лоринц финалга чыккандыктан Азизбеков жооткотуучу таймашка чыккан.

Токио Олимпиадасында бүгүн, 4-августта кыргызстандык спортчулардан Айсулуу Тыныбекова финалда күрөшөт. Кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта Тыныбекова алтын байге үчүн жапониялык Юкако Каваи менен күч сынашат.

Айсулуу Тыныбекова менен Юкако Каваи буга чейин үч жолу беттешип, эки жолу Тыныбекова жеңишке жетсе, бир жолу Каваи уткан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД