Олимпиада: Акжол менен Мээримге мамлекеттен канча сом берилет?

Кечээ, 3-августта Кыргызстандын курама командасынын куржунуна Токиодогу Олимпиада оюндарынын 2 медалы түштү. Азырынча 1 күмүш жана 1 коло бар.

Балбан Акжол Махмудов алтын медаль үчүн күрөшүп, 2:1 эсебинде жеңилип, Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси болду. Махмудов 77 кг салмакка чейинки категорияда күч сынашты.

Андан кийин Мээрим Жумуназарова 68 кг салмакка чейинки категорияда моңголиялык Соронзонболд Батцецег менен кездешип, 10:1 эсебинде таза жеңишке жетишти.

Мамлекет тарабынан Олимпиада оюндарында жеңишке жеткен спортчуларга акчалай сыйлыктар каралган.

алтын медаль тагынган спортчуга 10 млн сом;

күмүш медалдын ээсине 7 млн сом;

коло байге алып келген спортчуга 5 млн сом берилет.

Акжолдун күмүш байгеси Кыргызстандын тарыхында Олимп оюндарындагы экинчи күмүш байге болуп калды. Буга чейин 2008-жылкы Олимпиадада күрөштүн дал ушул түрүнөн Канат Бегалиев 66 килограмм салмакта финалда жеңилип, 2-орунду ээлеген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД