Ош шаарында каналга түшүп кеткен 10 жашар баланын сөөгү табылды

Ош шаарында каналга түшүп кеткен 10 жашар баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын Амир-Тимур кичи районунда жайгашкан Южный каналына 2011-жылы туулган эркек бала түшүп кеткен.

Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн 8 куткаруучу тыртылган. Саат 22:50дө балынын сөөгү жергиликтүү тургундар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД