УКМК Канатбек Ашырбаевди кармады

"Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасында "Кара-Кече" кенинен көмүр уурдоо боюнча коррупциялык схема аныкталып, ага бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

"Кыргызкөмүрдүн" жетекчилиги кенден казып алынган көмүрдү сатууда коррупциялык схема түзгөнү аныкталган. Көмүр алардын карамагында болгон компаниялар аркылуу Бишкек ЖЭБине жана башка жерлерге сатылып турган.

3-августта бул иш боюнча ишкананын директору А.К.Ы. (Канатбек Ашырбаев) жана "Кара-Кече" филиалынын бухгалтери Д.Р.Э. кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД