Дастан Бекешев Аскер прокуратурасында сурак берип чыкты

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев бүгүн, 4-августа Аскер прокуратурасында сурак берип чыкканы тууралуу телеграм каналында билдирүү калтырган.

Алгач ал аталган сурак "Кумтөр" иши боюнча деп болжолдонуп жаткандыгын айткан.

"2016-жылы же 2017-жылы суу кодекси боюнча добуш бергенбиз, бул кодекс менен биз "Давыдов" жана "Лысый" мөнгүлөрүн иштетүүгө уруксаат бергенбиз. Жеке мен буга каршы добуш бергем. Мен бул мөңгүлөрдү "Кумтөргө" бербеш керек деп эсептейм. Бирок көпчүлүгү иштетүүгө уруксат берүү үчүн макул деп добуш беришкен. Менин оюмча ошол ишти казып башташкан. Бирок депутаттар берген добушу үчүн укуктук жактан жооп бербейт. Мен каршы деп добуш бергем. Бирок макул деп добуш бергендерге иш козгоо туура эмес", - дейт Бекешев.

Кийин ал Аскер прокуратурасында бир саат сурак берип чыкканын, суу кодекси боюнча суроолор берилгенин кабарлады.

"Суракта суроолор так, түшүнүктүү болду. Мен тилекке каршы кандай суроолор болгонун толук айта албайм, анткени ачыкка чыгарбоо тил катын жазып бердим. Жалпысынан жогоруда айткандай суу кодекси боюнча суроолор берилди", - дейт депутат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД