Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы эпидемиологиялык талаптар менен өтөт

Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоо алкагында пландаштырылган иш-чаралар эпидемиологиялык талаптарды эске алуу менен өтүүсү тийиш. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов майрамды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин кеңешмесинин жүрүшүндө билдирди.

Жоопкер мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик органдары белгилүү датага карата даярдыктын жүрүшү тууралуу маалымат беришти.

Белгиленгендей, бүтүндөй республика боюнча 40 ашуун иш-чаранын өткөрүлүшү пландаштырылган.

Борбордо аскер парады, эмгекчилердин парады өтүп, облустарда театралдаштырылган оюндар, концерттер, төкмө акындар айтышы, сүрөт көргөзмөлөрү, дизайнер жана кол өнөрчүлөрдүн, "Манас" эпосун айтуучулардын фестивалы өткөрүлөт.

Улукбек Марипов иш-чаралардын жогорку уюштуруучулук деңгээлде өткөрүлүшүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Кеңешменини жыйынтыгы боюнча Улукбек Марипов мамлекеттик органдарга, анын ичинде майрамдык иш-чараларды уюштурууга жана Баткен облусундагы курулуш иштерин тездетүүгө финансылык каражаттарды өз мөөнөтүндө бөлүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД