Беларус жөө күлүгү Токиодон Варшавага эмес, Венага учту

Беларустун спорт чиновниктерин сындагандан кийин Олимп оюндарына катышуудан четтетилген жөө күлүк Кристина Тимановская Токиодон учуп кетти.

Аэропортто Варшава каттамына отургузуу башталганга чейин ал Венага учкан учакка отурганы белгилүү болду.

Бул тууралуу ТАСС жана Japan Today агенттиктери аэропорттогу ар башка булактарына таянып жазышты.

Ал эми Тимановская менен байланышып турган беларус диаспорасынын өкүлү Reuters агенттигине поляк дипломаттары коопсуздук чарасын камсыздоо максатында анын рейсин өзгөрткөнүн кабарлады.

Буга чейин Польша беларус спортчусуна саясий баш паанек бергенин билдирген.

24 жаштагы жөө күлүк Олимп оюндарында 100 жана 200 метрлик жарышка катышуу үчүн Токиого келген. Ал бир нече күн мурун "Инстаграмдагы" баракчасынан Беларустун спорттук аткаминерлери анын макулдугусуз 400 метрлик эстафетага катыштырууну чечишкенин айтып, сынга алган эле.

Мындан соң 1-августта эртең менен беларус бийлиги спортчуну шашылыш түрдө Токиодон чыгарып кетүүгө аракет кылып, Ханэда аэропортуна алып келген. Аэропорттон Тимановская бийлик күч менен өлкөсүнө кайтарууга аракет кылып жатканын айтып, учакка отуруудан баш тарткан.

Андан соң беларус жөө күлүгү коопсуздугун камсыздоо үчүн Минскиге кетпей, чет өлкөлөрдүн биринен башпаанек сурай турганын билдирген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД