Эртең шаардын көпчүлүк аймактарында жарык өчүрүлөт (тизме)

"Түндүк электр" Ачык акционердик коому эртең, 25-майда Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым жерлеринде электр жарыгы үзгүлтүккө учурашы тууралуу эскертти. Маалымат "Түндүк электр" сайтында жарыяланды.

Маалым болгондой, өчүрүүлөр электр тармактарын үзгүлтүксүз тейлөөсү менен байланыштуу.

Бишкек

Чыгыш РЭС:

10-кичи район, 33-үй - 9:00дөн -17:00гө чейин;

Кийизбаева, 7-апрель көчөлөрү - 10:00дөн 17:00гө чейин;

Чатыр-Көл - 10:00дөн 17:00гө чейин;

Үсөнбаев, Ибраимов көчөлөрүнүн айрым үйлөрү - 9:40тан 17:00гө чейин;

Эне-Сай конушунун 14-көчөсү - 9:40тан 17:00гө чейин;

Келечек конушунун 7-8-9-10-көчөлөрү - 14:00дөн 17:00гө чейин;

Малдыбаев көчөсү, коттедждер №21-39, Айтматов проспекти, № 80 үй, Таш-Көмүр көчөсү, Ататүрк паркы, Токтоналиев көчөсү, №78, №80, №82, №84, №80/2 үйлөр, Шакиров көчөсү, №35, №35а, №5 үйлөр - 9:30дан 19:00гө чейин.

Батыш РЭС:

Арча-Бешик конушунун Шербет, Кара-Кужур, Шералиев, Ак-Түз, Баба-Ата, Чатыр-Көл, Масалиев, Кожомкулов, 6-көчө, Эркин-Тоо, Боз-Бөлтөк көчөлөрү, Ынтымак конушу - 9:00дөн 18:00гө чейин;

Ак-Ордо конушунун Каркыра, Дүйшөбаев көчөлөрү - 9:00дөн 18:00гө чейин;

Гагарин, Бакаев, 7-катар, Юдахин көчөлөрүнүн айрым үйлөрү - 09:00дөн 12:00гө чейин;

Панфилов көчөсү, 57/1 үй - 9:00дөн 17:00гө чейин;

Кайназаров, Троицкая көчөлөрүнүн айрым үйлөрү - 9:00дөн 18:00гө чейин.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД