Эгемендик күнү Бишкекте аскер парады өтөт

31-августта Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгы белгиленген күнү Бишкекте аскер парады жана эмгекчилердин парады өтөт. Бул тууралуу 4-августта өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, майрамды уюштуруу маселелери Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов өткөргөн жыйында талкууланып, республика боюнча жалпысынан 40тан ашуун иш-чара пландаштырылып жатканы айтылды.

Облустарда сахналашкан оюндар, концерттер, төкмө акындардын айтышы, сүрөт көргөзмөлөрү, манасчылардын, дизайнерлердин жана кол өнөрчүлөрдүн фестивалы өтөт.

Марипов иш-чаралардын баары коронавируска каршы эпидемиологиялык талаптарды эске алуу менен өтүүсү тийиш экенин белгиледи.

1991-жылдын 31-августунда өлкө парламенти мамлекеттик эгемендик жөнүндө декларация кабыл алынган. Бул дата – Кыргызстандын Эгемендик күнү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД