Путин Жапаров менен жолугуп, кыргыз-тажик чек ара маселесин сүйлөштү

Сочи шаарында президент Садыр Жапаров Россия лидери Владимир Путин менен жолукту.

РИАнын берген маалыматына караганда эки президент кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал туурасында сүйлөшкөн.

"Кыргыз-тажик чек арасындагы абалга көңүл буруп көз салып турдук. Россия Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы курч маселелерди чечүү үчүн болгон күч-аракетин жумшайт", - деген Путин.

Россия лидери Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы көйгөйдү чечүүнүн узак мөөнөттүү ыкмасын табуу керектигин айткан.

Буга чейин аталган сапарда мамлекет башчыларынын Кыргызстан менен Россиянын байланышын мындан ары өнүктүрүү келечегин, евразиялык экономикалык интеграцияны тереңдетүү тууралуу сүйлөшүп, регионалдык коопсуздукту, анын ичинде ЖККУ, КМШ жана ШКУ алкагындагы коопсуздукту талкуулай турганы кабарланган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД