Хабиб Нурмагомедов: Кыргызстандык мушкерлердин деңгээли бир топ жогорулады

Кыргыз мушкерлеринин деңгээли бир топ жакшырды. Бул тууралуу UFCнын жеңил салмактагы чемпиону[b] Хабиб Нурмагомедов[/b] маалымат жыйынында билдирди.

"Турнир кайсы жерде өткөрүлбөсүн, кыргызстандык мушкерлер дайыма чоң мааниге ээ болгон. Анткени аларды көрүү үчүн көптөгөн күйөрмандар келишет. Бирок чынын айтсам, бир нече жыл мурун кыргыз мушкерлеринин деңгээли жогору болгон эмес. Акыркы эки жылдын ичинде алар байкаларлык түрдө жогорулады ", - дейт спортчу.

Буга чейин Хабиб Нурмагомедов кримтөбөл Камчы Көлбаевдин туулган күнүнүн урматына Кыргызстанга келген деген имиштерди четке каккан.

Кечээ Чолпон-Атада Eagle Fighting Championship (EFC 38) аралаш мушташ боюнча турнир өттү. Жеңил салмакта EFCнын жаңы чемпиону Бусурманкул Абдибаит уулу болду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД