Бишкектин жаңы конуштарында жаңы төрт мектеп салынат

Бишкектин жаңы конуштарында төрт мектеп жана бир кошумча курулуш салынат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шаардын жаңы конуштарына төрт мектеп жана бир кошумча мектептин курулушун куруу пландалып жатат.

Жаңы мектептер "Ак-Ордо", "Алтын-Ордо", "Рухий-Мурас"," Ак-Босого" конуштарында салынат. Мектептердин жалпы долбоордук кубаттуулугу 2590 окуучуну түзөт.

"Ак-Бата" конушундагы №43 мектептин кошумча курулушу салынып, кеңейтилет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД