Кара-Сууда турак жайларды сел каптады

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы турак үйлөрдү сел каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ саат 18:30 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен кокту колоттордон түшкөн сел суулары топтолуп түшүп Катта-Талдык айыл аймагынын Баш-Булак жана Кара-Сөгөт айылындарына агып кирген. Селдин кесепетин жоюу үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчылары жана 27 кишиден турган ыкчам топ, өзүнчө куткаруу отрядынан 1 камаз унаасы 2 суу сордуруучу насосу менен тартылган. Катта-Талдык айыл аймагынан 2 даана Жүктөгүч тартылып, селдин нугу бурулуп сел калдыктарын тазалоо иштерин жүргүздү.

Ал эми Кара-Сөгөт айылында такталган маалымат боюнча бир үйдүн артынан сел суулары кирип тешип өткөн, 6 адамдан турган үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрүнө зыян келтирилген эмес. Андан сырткары ички чарбалык 5 чакырым жолду да сел жеп кеткен жол кооптуу абалда бирок каттам бар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД