Саясатчы Темир Сариев 30-сентябрга чейин камалды

Саясатчы Темир Сариев 30-сентябрга чейин камалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 4-августа Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Темир Сариевге карата бөгөт коюу чарасы катары 30-сентябрга чейин камакка алуу чечимин чыгарган. Ал аталган мөөнөттө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө изоляторунда кармалат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Сариевди 3-августта "Кумтөр кениндеги экологиялык чыгымдарды миллиарддаган сомго азайткан" деген айып менен кармаган. Сариев Кумтөрдөгү жагдайды текшерүү боюнча 2012-жылы түзүлгөн мамлекеттик комиссияны жетектеген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД