Улукбек Марипов: Айсулуунун "күмүшү" алтынга тете

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Токиодогу XXXII жайкы Олимпиадалык оюндардын жеңүүчүсү, кыз-келиндер арасындагы күрөштө күмүш медалды жеңип алган Айсулуу Тыныбекованы куттуктады.

"Айсулуу, мен сизди Олимпиадалык оюндарда ийгиликтүү оюн көрсөткөнүңүз үчүн чын ниеттен куттуктайм. Жалпы мекендештердин атынан сизге айтаарым – сиз Азаматсыз! Бүгүнкү "күмүшүңүз" алтынга тете. Бул жалпыбызга зор дем берет. Биз сиз жана Олимпиадалык курама команданын жалпы мүчөлөрү менен сыймыктанабыз. Айсулуу, сизге жана сиздин ата-энеңизге жеңиш үчүн, жаркын маанай үчүн, өз өлкөбүз үчүн сыймыктануу мүмкүнчүлүгүн тартуулагандыгыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз!", – деди Улукбек Марипов.

Ошондой эле ал Олимпиадалык оюндар атамекендик спортчулар үчүн эл аралык аренадагы жаңы жана бийик жеңиштерге секирик жасоо үчүн жол салып, өлкөдө спортту жайылтууга жана ага жаштарды тартууга өбөлгө түзөрүн айтты.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Олимпиадалык курама командасында грек-рим стилиндеги балбан Акжол Махмудовдун күмүш медалы жана кыз-келиндер арасындагы күрөштө күч сынашкан Мээрим Жуманазарованын коло медалы бар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД