Соңку суткада 840 адамдан коронавирус аныкталып, 9 адам каза болду

Кыргызстанда 5-августка карата коронавирус дагы 840 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында - 476, Ош шаарында - 8, Чүй облусунда - 131, Ош облусунда - 31, Талас облусунда - 9, Нарын облусунда - 11, Ысык-Көл облусунда - 54, Жалал-Абад облусунда - 78, Баткен облусунда - 42 адамдан илдет табылган.

"Ал эми бир суткада 1 миң 550 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында - 1 миң 66, Ош шаарында - 41, Чүй облусунда - 119, Ош облусунда - 68, Талас облусунда - 34, Нарын облусунда - 20, Ысык-Көл облусунда - 21, Жалал-Абад облусунда - 89, Баткен облусунда - 92 бейтап айыгып чыкты", - деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 5, Чүй облусунда 2, Ош менен Ысык-Көл облустарында бирден бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 3 миң 306 бейтап, амбулатордук түрдө 7 миң 629 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 18 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 554 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 6 миң 16 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 167 миң 76 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 152 миң 402 киши айыгып чыкса, 2 миң 372 адам каза болду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД