Айсулууга күмүш медалы үчүн мамлекет 7,5 млн сом төлөйт

Балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Токиодогу Олимпиада оюндарынын күмүш медалына ээ болду.

Ал кечээ, 4-августта алтын медаль үчүн беттеште япониялык атаандашы Юкако Каваиге жеңилип калды.

Тыныбекова 62 кг салмакка чейинки категорияда күч сынашкан.

Олимпиада оюндарына чейин Кыргызстандын өкмөтү медаль жеңген спортчуларга акчалай сыйлык берүү жөнүндө токтом чыгарган. Ага ылайык, Тыныбековага күмүш медалы үчүн мамлекет тарабынан 7,5 млн сом берилет.

Ошондой эле Олимпиада оюндарындагы кыргыз балбандарынын башкы жана улук машыктыруучусу, дарыгер жана укалоочу, Тыныбекованын жеке жана биринчи машыктыруучусу да акчалай сыйлык менен сыйланат.

Жалпысынан мамлекет Тыныбекованын күмүш медалы үчүн 15 млн 725 миң сом бөлөт. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда, акчалай сыйлыктарга салык алынбайт.

Акчалай сыйлыктын ээлери:

- Тыныбекова - 7,5 млн сом;

- Башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков - 2 млн 225 миң сом;

- Улук машыктыруучу Байгазы Кенжебаев- 1 млн 875 миң сом;

- Жеке машыктыруучусу Нурбек Изабеков - 1 млн 875 миң сом;

- Биринчи машыктыруучусу - 750 миң сом;

- Дарыгер Бактыгүл Алишева - 750 миң сом;

- Укалоочу Константин Еремич - 750 миң сом.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД