Арча-Бешик конушунда мыйзамсыз берилген жерлер мэрияга кайтарылды

Бишкек шаарынын Ленин районунда жеке менчикке мыйзамсыз берилип кеткен, баасы 28 миллион 273 миң сомго бааланган жер тилкелери мэрияга кайтарылды.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Ленин райондук администрациясынын кызмат адамдары 2005-жылы Арча-Бешик жаңы конушундагы беш жер тилкесин турак үй куруу үчүн мыйзамсыз түрдө жеке жактарга берип жиберишкен.

Прокуратура тиешелүү документтерди жокко чыгаруу жөнүндө прокурордук акты менен сотко кайрылган. Жыйынтыгында прокуратуранын доо арызы толук канааттандырылып, жер тилкелери мамлекеттин менчигине алынды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД