Равшан Жээнбеков: Эртең мени камашат

Саясатчы Равшан Жээнбеков бүгүн, 5-октябрга караган түнү "Фейсбуктагы" баракчасына кайрылуу калтырып, аны камакка алуу аракеттери жүрүп жатканын жазган.

Анын айтуусуна караганда бул нерсе кой-Таш окуясына байланыштуу.

"Соке дайыма түнкү саат 1де сотко алып барып, дежур соттору менен камачу. Кой - Таш окуясы менен камалгандардын баарын түндө камаган.

Т. Сариевти дагы азыр гана, түнкү 12 де, камашты. Сокенин соттору, тажрыйбасы.

Эртең мени камашат. Көнгөн СИЗО 1 ге кайра барам", - деп кыскача билдирүү калтырган саясатчы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД