"Кыргызкөмүрдүн" жамааты президентке кайрылды

"Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын эмгек жамааты жетекчисине жалган жалаа жабылып жатканын айтып, президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду жана "туура, объективдүү иликтөө жүргүзүүнү камсыздап берүүнү" өтүндү.

5-августта жарыяланган кайрылууда директор Канатбек Ашырбаев "өндүрүштөгү жана көмүр кениндеги коррупцияны жоюга максималдуу салым кошкону" белгиленип, "тергөө анын күнөөсүз экенин көрсөткөн фактыларды эске алуудан баш тартып, ишти резонанс үчүн жүргүзүп жатканы" жазылды.

"370 миң тонна көмүрдү уурдап кетүү мүмкүн эмес. Ал үчүн 18500 машина керек, эгер айыптоо чын болсо, анда аны жашырууга эч мүмкүн эмес" деген эмгек жамааты көмүр уурдалбаганын билдирди.

Ашырбаев кармалганын, аны менен бирге "Кара-Кече" филиалынын эсепчиси да кармалып, экөө тең атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына камалганын 4-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирген.

УКМК аларды Кара-Кечеден казылган көмүрдүн салмагын атайылап аз көрсөтүп, уурдоо боюнча туруктуу коррупциялык схема түзүп алган деп айыптап жатат. Экспертизанын жыйынтыгында, атайын кызмат билдиргендей, казылып алынган көмүрдүн көлөмү бир жылда 370 миң тоннага азайтылып, акчасы 600 миллион сомго аз көрсөтүлгөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД