Илимдер академиясында наамдар үчүн шайлоо өтүп жатат

Улуттук илимдер академиясында бүгүн, 5-августта академик жана корреспондент мүчө деген илимий наамдарга шайлоо өтүп жатат. 52 наамга 127 окумуштуу талапкер.

Академиянын президенти Мурат Жуматаев буга чейин "Азаттыкка" билдиргендей, төрт жыл сайын жарыялануучу шайлоо эки жолу өтпөй калгандыктан дээрлик 11 жылдан бери академияда илимий наамдар үчүн бош орундар көбөйгөн.

Сынак эки айлампа менен өтүүдө. Жыйынтыгы бүгүн чыгат.

Улуттук илимдер академиясы бир нече илимий институттан турат. Бул мекеме өткөн кылымдын 50-жылдарында негизделген. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин ага улуттук деген макам берилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД