Бишкекте 210 миң сом акчасын уурдап кеткен. Шектүү кармалды

Бишкек шаарында уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, 17-майда Биринчи Май райондук милициясына шаар тургуну арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 15:30дар чамасында борбордогу көчөлөрдүн биринде токтоп турган Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү спринтер унаасынан белгисиз жарандар 210 миң сом акча каражатын уурдап кеткендерин жазган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 200-беренеси "уурулук" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө жогорудагы кылмышка шектелип, 1973-жылы туулган жаран кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД