Эгерде коронавирус азайса окуу жылы салттуу режимде башталат

Эгерде жаңы окуу жылы башталганга чейин коронавирус менен ооругандардын саны азайса окутуу реалдуу режимде башталат. Бул туура Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев басма сөз жыйынында маалымдады.

Анын айтымында, өлкөдөгү эпидемиологиялык абал турукташып бара жатат. "Эгер андай болсо окутуу толук түрдө жүргүзүлөт",- деп айтты министр.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын март айынан бери өлкөнүн мектептеринде окутуу онлайн-режимде болуп жаткан. 2021-жылдын январь айынан бери айрым мектептер салттуу режимде, айрымдары онлайн режимде сабак беришүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД