Токиодогу Олимпиада оюндарында эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиевдин (65 кг) 1/8 финалдагы биринчи атаандашы белгилүү болду.
Бүгүн, 5-августта чүчүкулак тартылып, Эрназар Акматалиевге индиялык балбан Пуния Бажранг туш келди.
65 килограмм салмак боюнча эркин күрөш эртең, 6-августта башталат.