Өлкөнүн 14,8 %и COVID-19 каршы вакцина алды

Бүгүн, 5-августка карата республиканын 505 миңден ашуун жараны коронавирус инфекциясына каршы вакцина алды. Бул вакцинациядан өтүүгө тийиш болгон жалпы жарандардын 14,8 %ын түзөрүн министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жалпысынан 641 миңден ашык вакцина колдонулган. Биринчи доза менен жарым миллиондон ашык адам эмделген, ал эми экинчи доза менен 135 миңден ашуун адам эмделген.

Белгилей кетсек, COVID-19га каршы вакцинациялоо боюнча улуттук пландын алкагында өлкөдөгү 3 миллион 400 миң адам эмдөөдөн өткөрүлүүчү максаттуу топ катары аныкталган. Максаттуу топко 18 жашка чейинки балдар, тышкы эмгек мигранттары киргизилген эмес. Коллективдик иммунитет түзүлүшү үчүн максаттуу топко киргизилген 70 пайыздан кем эмес жарандарды вакцинациялоо зарыл, ал 2 миллион 4 миң адамды түзөт.

"Кымбаттуу жарандар! COVID-19 илдетинин жайылышын болтурбоонун, өзүңүздү жана жакындарыңызды оорудан коргоонун, организмди алдын ала даярдоонун жана иммундук коргоону камсыз кылуунун бирден-бир ишенимдүү жолу эмдөө болуп саналгандыгын республикалык ыкчам штаб эскертет.

Жарандарды акысыз жана ыктыярдуу түрдө жүргүзүлүп жаткан COVID-19 каршы эмдөөгө активдүү катышууга чакырабыз", - дешти мекемеден.

https://www.super.kg/kabar/news/371813/


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД