Министрлик: Мектептер мугалимдердин 70% эмделгенде ачылат

Кыргызстанда билим берүү мекемелери кадимки тартипте иштөөгө кызматкерлеринин 70% коронавируска каршы эмделгенде жана эпидемиологиялык кырдаал канааттандырарлык болгондо өтөт. Бул тууралуу 5-августта билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын айтымында, мектептер жана окуу жайлар кандай форматта иштери азырынча аныктала элек.

Мамлекеттик окуу жайлардын жана бала бакчалардын көбү, айрыкча Бишкектегилери коронавируска байланыштуу 2020-жылдын март айында жабылгандан бери толук ачыла элек. Окуу аралыктан жүрүп жатты.

Президент Садыр Жапаров 23-июлда Sinopharm вакцинасын алып, элди эмдөөдөн өтүүгө, вакцинацияга байланыштуу жалган маалыматтарга ишенбөө чакырды.

Быйылкы жаңы окуу жылы кандай болору мугалимдердин "Август кеңешмесинде" чечилери, Кыргызстандын билим берүү тармагында иштегендердин 54-80% коронавируска каршы эмдөөдөн өткөнү 2-августта айтылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД