Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-августта Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн эки күндүк иш сапары менен Түркмөнбашы шаарына (Түркмөнстан) жөнөп кетти.
Жолугушууда соода-экономика, энергетика, транспорт-коммуникация чөйрөлөрүндөгү аймактык кызматташуу маселелери, ошондой эле коронавируска каршы күрөшүүдөгү биргелешкен чаралар талкууланат.
Сапардын алкагында Жапаров Борбор Азия мамлекеттеринин президенттери менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Кыргызстандын расмий делегациясынын курамы:
- тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;
- Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева;
- Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров;
- президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеев;
- Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси Талант Султанов;
- ички иштер министри Улан Ниязбеков;
- энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев;
- транспорт жана коммуникациялар министри Гүлмира Абдралиева;
- маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев.