Ош шаарында таза суу өчүрүлдү

Папан суу сактагычына сел суулары агып, Ак-Буура дарыясындагы суу ылайлангандыктан Ош шаарынын бир бөлүгүндө таза суу убактылуу өчүрүлдү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.

Түштүк-Чыгыш, ХБК, Туран кичи райондору жана Достук, Калинин конуштарында таза суу өчүрүлгөн эмес.

Маалымат алуу үчүн 105, 8-11-15, 8-11-51, 0553 200 105, 0225 105 105, 0999 105 105 номерлерине кайрылууга болот.

Суу ташуучу унаалар менен таза суу жеткиртүү үчүн 03222 5-04-16 номерине билдирүү калтырса болот.

Белгилей кетсек, Ош шаарында жамгыр жаагандан кийин таза суунун өчүрүлүшү дайым болуп турчу көрүнүш. Бул маселе шаар тургундарына ыңгайсыздык жаратып, көп жылдан бери чечилбей келе жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД