Жеңиш Молдокматов 11 күн өткөндөн кийин ачкачылык акциясын токтотту

Бугүн, 5-августта камактагы саясатчы Жеңиш Молдокматов ачкачылык акциясын токтотту. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Акыйкатчы аппаратынын сунуштамасы боюнча Жеңиш Молдокматов улуттук кардиология жана терапия борборунда медициналык кароодон өткөрүлгөн. Медициналык текшерүү көрсөткөндөй, Молдокматов ачкачылык кармап жаткандан бери 6 килограммга арыктаган. Ден соолугу да начарлап кеткен. Дарыгерлер Молдокматовдун жүрөгү ооруганын аныкташкан.

Дарыгерлердин сунуштарын эске алуу менен, Акыйкатчы аппаратынын жетекчиси Аскат Азарбековдун, тарапташтарынын, "Туран" партиясынын мүчөлөрүнүн жана башка саясатчылардын өтүнүчү менен ал ачкачылык акциясын токтоткон.

Эскерте кетсек, Молдокматов май айынын башында былтыркы 5-6-октябрь жана 9-октябрдагы окуяларга байланыштуу кармалып, камакка алынган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД