Бишкекте 32 көчөдө оңдо иштери жүрүүдө.Тизме

Бишкекте узундугу 40,15 чакырым болгон 32 көчө оңдолууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ал көчөлөр ноябрдын аягына чейин акырындык менен пайдаланууга берилет.

Жалпы узундугу 12 чакырым болгон асфальт-бетон төшөлмөсүнүн астыңкы жана үстүңкү катмарын төшөө иштери төмөнкү көчөлөрдө жүргүзүлүүдө:

- Сухэ-Батор көчөсү Каралаев көчөсүнөн Шабдан Баатыр көчөсүнө чейин;

- Карасаев көчөсү Байтик-Баатыр көчөсүнөн Карадаринская көчөсүнө чейин;

- Кокчетавская көчөсү Махатма Ганди көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;

- Ташкент көчөсү Турусбеков көчөсүнөн Т.Молдо көчөсүнө чейин;

- Түгөлбай-Ата көчөсү Орозбеков көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейин;

- Кулатов көчөсү Каракулская көчөсүнөн Байтик-Баатыр көчөсүнө чейин;

-Каркыра көчөсү Гагарин көчөсүнөн Ак-Ордо көчөсүнө чейин ("Ак-Ордо" жаңы конушу);

- Стадионная көчөсү Абдрахманов көчөсүнөн Магистралга чейин (Ынтымак конушу);

-Ажыбек Баатыр көчөсү Жунусалиев көчөсүнөн Манас проспектисине чейин;

- Жолон көчөсү Ашар көчөсүнөн Алыкулова көчөсүнө чейин.

- Буденный көчөсү Чүй проспектисинен Жибек-Жолу проспектисине чейин;

- Жукеев Пудовкин көчөсү Кулатов көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин;

- Матросов көчөсү Ахунбаев көчөсүнөн Медеров көчөсүнө чейин;

- Өмүр көчөсү Т.Фрунзе көчөсүнөн Ашар көчөсүнө чейин.

"Узундугу 28,5 чакырым болгон 18 көчөдө асфальт-бетон төшөө үчүн жерди даярдоо иштери жүрүп жатат", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө борбор калаанын 9 көчөсүндө жол куруу иштери аяктап, 32 көчөдө оңдоо иштери уланууда.

"Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү" долбоорунун экинчи этабы эки жылга эсептелген. Жалпы узундугу 70 километрден ашык 2021-жылы 44 жолду, 2022-жылы 16 көчөнү реконструкциялоо жана 5 көпүрөнүн курулушу пландалууда. Оңдоо иштери Кытайдын гранттык каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүүдө, подрядчы - China Road and Bridge Corporation.

Бишкек мэриясы жүрүп жаткан жол иштерине түшүнүү менен мамиле кылууну жана маршрутту алдын ала пландаштырууну суранат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД