Токио Олимпиадасы: Айаал Лазарев турнирде коло үчүн күрөшөт

Токиодогу Олимпиада оюндарында эркин күрөш боюнча 125 килограмм салмакта күрөшкөн кыргызстандык балбан Айаал Лазарев көңүл жубатуучу беттешке чыгат.

Лазаревди 1/8 финалда жеңген америкалык Дэн Гейбл Стивсон финалга өткөндүктөн, кыргызстандык балбан коло үчүн күрөштү улантууга мүмкүнчүлүк алды.

Эми ал көңүл жубатуучу беттеште түркиялык Таха Акгүл менен күрөшөт. Аны жеңе алса, коло үчүн күрөшкө чыгат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД