Төрага Мамытов Ирандын президентинин инаугурациясына катышты

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов жана депутаттар Каныбек Иманалиев, Замирбек Эсенаманов Тегеранда Ирандын президенти аятолла Сейед Эбрахим Раисинин инаугурациясынын расмий салтанатына катышты. Бул туурасында парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Анын алкагында Мамытов Ирандын Ислам Кеңеши межлисинин төрагасы Мохаммад Багер Галибаф менен жолугушкан.

"Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришип, туризм, инвестициялар, медициналык туризм, инженердик-техникалык кызматтар жана башка чөйрөдөгү кызматташтыктын перспективаларын талкуулашты", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле спикер чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, Ирандын элин жаңы мамлекет башчысын ийгиликтүү шайлап алышы менен куттуктады. Андан соң ал Кыргызстанда болуп өткөн саясий процесстер тууралуу маалымат берип, Жогорку Кеңештин жаңы курамы быйыл октябрда шайланарын билдирди.

"Бизде да, сиздерде да саясий процесстер активдүү өнүгүп жатат, бирок, муну менен катар эле соода-экономикалык мамилелерибизди да өнүктүрүүгө тийишпиз. Тилеке каршы, пандемия көп пландарыбызды ишке ашырууга жолтоо болду. Учурда биздин өлкөлөрдүн темир жол уюмдары Түркмөнстан жана Өзбекстан менен бирдикте кызматташууну баштады. Ал Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө түрткү берет", - деп айткан Мамытов.

Ирандык кесиптеши анын сөзүн кубаттап, чакырууну кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Иш сапардын алкагында ЖК төрагасы Ирандын жетекчилери, ошондой эле инаугуруацияга келген чет элдик делегациялардын башчылары менен дагы жолугары пландалууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД