Талант Мамытов Иран парламентинин төрагасы менен жолукту

Кечээ, 4-августта Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов Иран Ислам Республикасынын Ислам Кеңеши меджлисинин Төрагасы Мохаммад Багер Галибаф менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуу Иран Ислам Республикасынын Президенти аятолла Сейед Эбрахим Раисинин инаугурациясынын расмий салтанатына байланыштуу Кыргызстандын парламенттик делегациясынын Тегеранга иш сапарынын алкагында болду.

Жолугушууга ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары Каныбек Иманалиев, Замирбек Эсенаманов жана Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси Турдакун Сыдыков катышты.

Маектешүү учурунда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришип, туризм, инвестициялар, медициналык туризм, инженердик-техникалык кызматтар ж.б.чөйрөлөрдөгү кызматташтыктын перспективаларын талкуулашты.

Мохаммад Багер Галибаф чакырууну кабыл алганы үчүн Төрага Талант Мамытовго ыраазычылык билдирип, Иран менен Кыргызстандын ортосундагы мамиле жалпы жонунан жакшы өнүгүп жатканын белгиледи. "Сиздердин келгениңиздер бул мамилелерди ого бетер чыңдайт",- деди ал. Мындан тышкары, Галибаф мырза Кыргызстандагы парламенттик шайлоолордун мөөнөтүнө кызыкты.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, Ирандын элин жаңы мамлекет башчысын ийгиликтүү шайлап алышы менен куттуктады. Андан соң ал маектешине Кыргызстанда болуп өткөн саясий процесстер тууралуу маалымат берип, Жогорку Кеңештин жаңы курамы быйыл октябрда шайланаарын билдирди.

"Азыркы учурда Кыргызстандын парламентинде мыйзамдарды Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясына шайкеш келтирүүгө байланышкан жумуштар көп. Бизде да, сиздерде да саясий процесстер активдүү өнүгүп жатат, бирок, муну менен катар эле биз эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерибизди да өнүктүрүүгө тийишпиз. Тилеке каршы, пандемия көп пландарыбызды ишке ашырууга жолтоо болду. Азыркы учурда биздин өлкөлөрдүн темир жол уюмдары Түркмөнстан жана Өзбекстан менен бирдикте кызматташууну баштап, бир нече кеңешме өткөрүштү, ал Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди мындан аркы өнүктүрүүгө түрткү берет", - деп белгиледи Мамытов.

Галибаф мырза бул пикирди колдоп, эки өлкө темир жол, автомобиль жолдору байланышын жана авиакаттамдарды өнүктүрүүгө тийиш экендигин белгиледи. "Биздин өлкөлөр мамиледе колдо бар пайдубалды, атап айтканда, ШКУну пайдаланышы керек. Бул уюмга мүчө болоордо Кыргызстан Иранды колдогон, бул үчүн Кыргызстанга ыраазычылык билдирем",- деди Ирандын Спикери.

Сөзүнүн соңунда ал Иранга келгени үчүн Төрага Т.Мамытовго дагы бир ирет ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, иш сапардын алкагында Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытовдун Ирандын жетекчилери, ошондой эле инаугуруация салтанатына келген чет элдик делегациялардын жетекчилери менен дагы бир катар жолугушуулары пландаштырылууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД