Месси "Барселона" клубунан кетти

Дүйнөлүк футбол тарыхындагы эң мыкты чабуулчулардын бири аргентиналык Лионель Месси испаниялык "Барселона" клубунан кетүүдө. Бул тууралуу аталган клуб расмий билдирүү жасаганы айтылып, өткөн түнү бир нече спорт басылмалары катар жазып чыгышты.

Июлда Мессинин келишими аяктаган. Клуб жетекчилиги жаңы келишим түзүү каржылай жана уюштуруу иштериндеги кедергилерге байланыштуу мүмкүн эместигин жарыялады.

Маалыматтарга караганда, 34 жаштагы чабуулчунун клубдан кетишине "Барселонадагы" каржы көйгөйлөрү себеп болгон. Коронавирус пандемиясы учурунда клубдун кирешеси өтө төмөндөп кеткен. Өткөн сезондо "Барселона" футболчулардын маянасына 671 миллион евро жумшаса, эми клуб 383 миллион менен чектелүүгө мажбур.

Мессиге жылына 90 миллион евродон ашык акча төлөнүп турган. Былтыр ал маянасы жогору футболчулардын тизмесинде биринчи орунга чыккан. Маалыматтарга караганда, аргентиналык футболчу "Барселонада" калуу үчүн маянасын эки эсеге азайтууга дайын болгон, бирок клуб аны да төлөй албай жатат.

Лионель Месси "Барселонага" 2000-жылы 13 жашында келген. Төрт жылдан соң ал командасынын негизги курамында ойногон. Месси "Барселонада" 520 оюн өткөрүп, 474 гол киргизген. "Барселонанын" катарында он жолу Испания чемпиону аталып, жети жолу өлкө кубогун жеңип, төрт ирет УЕФА Чемпиондо Лигасын багындырган. Месси "Алтын топту" алты жолу алган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД