Баасы 100 млн сомдон ашкан жер мамлекеттин менчигине кайтарылды

Ысык-Көл облустук прокуратурасы тарабынан баасы 100 млн сомдон ашкан 10 га жер мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, Ысык-Көл районунун Кара-Ой айыл өкмөтүнүн 1999-жылдын 31-мартындагы токтому менен Кара-Ой айылындагы "Каухар" пансионатына жакын жайгашкан 10 га жер тилкеси мыйзам бузуу жолу менен Ш.Э. аттуу жарандын жеке менчигине берилип кеткендиги аныкталган.

Мыйзамсыз берилген бул жерди мамлекетке кайтаруу максатында, облустук прокуратура сот органдарына доо арыздар менен кайрылып, ал бардык соттук инстанциялар тарабынан канааттандырылган.

Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде мыйзамсыз менчикке берилип кеткен 101 млн 641 миң сомдук 10 га жер мамлекеттин балансына кабыл алынды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД