Соңку суткада 658 адамдан коронавирус аныкталып, 8 адам каза болду

Кыргызстанда 6-августка карата коронавирус дагы 658 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында - 345, Ош шаарында - 9, Чүй облусунда - 80, Ош облусунда - 18, Талас облусунда - 10, Нарын облусунда - 14, Ысык-Көл облусунда - 59, Жалал-Абад облусунда - 74, Баткен облусунда - 49 адамдан илдет табылган.

"Ал эми бир суткада 1 миң 532 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында - 1 миң 41, Ош шаарында - 38, Чүй облусунда - 115, Ош облусунда - 66, Талас облусунда - 28, Нарын облусунда - 29, Ысык-Көл облусунда - 29, Жалал-Абад облусунда - 80, Баткен облусунда - 106 бейтап айыгып чыкты", - деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 4, Чүй облусунда 3, нарын облумунда бир бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 3 миң 173 бейтап, амбулатордук түрдө 6 миң 874 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 22 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 574 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 6 миң 43 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 167 миң 734 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 153 миң 934 киши айыгып чыкса, 2 миң 380 адам каза болду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД