Олимпиада: эркин күрөш балбаны Акматалиев баштапкы беттешинде утулду

Эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев Олимпиада-2020 мелдешинин баштапкы этабында жеңилип калды.

65 килограмм салмакта ат салышкан кыргызстандык спортчу 8/1 финалда индиялык Бажранг Пуния менен таймашып, утулуп калды. Эсеп 3:3 менен аяктады. Индиялык балбандын упайынын сапатына артыкчылык берилди.

Кыргыздын баатыр кызы Айсулуу Тыныбекова (кызыл кийимчен) Олимпиаданын алтын байгеси үчүн таймашта ар бир упай үчүн жан үрөп, япониялык атаандашы Юкако Каваинин (62 килограмм) чабуулунан коргонуп жаткан чагы. 4-август, 2021-жыл.

Индиялык спортчу эми финалга чыга турган болсо, анда Акматалиев коло байге үчүн таймашка чыгууга укук алат.

Бул күндөрү Японияда 23-июлда башталган XXXII жайкы Олимпиада оюндары өтүп жатат. Ал 8-августта аяктайт. Токиого Кыргызстандан 16 спортчу кеткен. Азырынча Кыргызстандын байге куржунунда Олимпиаданын 3 медалы бар. Эки күмүш байге 22 жаштагы Акжол Махмудов менен 29дагы Айсулуу Тыныбековага тиешелүү. Ал эми коло медалды Кыргызстанга 22 жаштагы Мээрим Жуманазарова алып берди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД