"Кыргызкөмүрдүн" директору эки айга УКМКнын тергөө абагына камалды

"Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын директору Канатбек Ашырбаев эки айга камакка алынды. Анын бөгөт чарасы 5-августта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралып, 3-октябрга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камоо тууралуу чечим кабыл алынды.

Ашырбаев кармалганын УКМК 4-августта билдирген жана ал Кара-Кече кенинен казылып алынган көмүрдүн салмагын атайылап аз көрсөтүп, уурдоо боюнча туруктуу коррупциялык схема түзүп алганы үчүн айыпталып жатканы кабарланган. Экспертизанын жыйынтыгында, атайын кызмат билдиргендей, казылып алынган көмүрдүн көлөмү бир жылда 370 миң тоннага азайтылып, акчасы 600 миллион сомго аз көрсөтүлгөн.

5-августта "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын эмгек жамааты жетекчисине жалган жалаа жабылып жатканын айтып президент Садыр Жапаровго кайрылган жана "туура, объективдүү иликтөө жүргүзүүнү камсыздап берүүнү" өтүнгөн. Кайрылууда Ашырбаев "өндүрүштөгү жана көмүр кениндеги коррупцияны жоюга максималдуу салым кошкону" белгиленип, "тергөө анын күнөөсүз экенин көрсөткөн фактыларды эске алуудан баш тартып, ишти резонанс үчүн жүргүзүп жатканы" жазылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД