Эртең Олимпиадада байге алган спортчулар менен жолугушуу болот

Эртең, 7-августта Токиодогу Олимпиада оюндарына катышкан спортчулардын Кыргызстанга кайтып келишине карата Бишкектин Борбордук "Ала-Тоо" аянтында салтанаттуу иш-чара уюштурулат.

Салтанат саат 13:00дө башталат. Анда Олимпиадага катышкан, байге алган спортчулар жана алардын машыктыруучулары эл менен жолугушат.

Иш-чара концерттик программа менен коштолот.

Бүгүн, 6-августта грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча балбандар жана алардын машыктыруучулары Кыргызстанга жолго чыгышат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД