Лейлек: Нааразылык акциясына чыккандар менен облус башчысы жолугат

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Лейлекте нааразылык акциясы болуп жаткан жерге жөнөп кетти. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна облустук администрациядан кабарлашты.

Интернеттеги социалдык түйүндөрдө тараган айрым маалыматтарга караганда, бүгүн 6-августта Лейлекте Баткен-Исфана жолун ондогон жергиликтүү тургун тосуп, жол кыймылына тоскоолдук жаратылды. Алар аймакта алтын кенин иштетүү аракетине каршылыгын билдиргени айтылууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД